Мен — Нуржан Найзабекова
1986-жылдын 15-июлунда Военно-Антоновка (азыркы Кожомкул) айылында жөнөкөй, эмгекчил үй-бүлөдө туулгам. Атам өмүрүнүн көбүн айыл чарба багытында эмгектенгендиктен, биз да ак эмгекке, жоопкерчиликке, чынчылдыкка тарбияланганбыз.
Атам элди, тилибизди жана мекенибизди сүйүүнү үйрөтсө,
апам — өзүнө ишенүүнү жана эч нерседен коркпой жашоону үйрөткөн.
Мен ишенем — адамдын күчү — билимде жана адамкерчиликте.